• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

COVID-19. Кыргызстанда акыркы суткада 8 миң 284 адам эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 19.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 8 миң 284 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 3 миң 897 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 387 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 764 миң 437 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 565 миң 822 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий