• 84.8
  • 98.41
  • 1.19

Кыргызстанда бир суткада 83 адамдан COVID-19 табылып, 2 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 17.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда 17-сентябрга карата коронавирус 83 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 31, Чүй облусунда – 17, Ош облусунда – 4, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – , Баткен облусунда – 1 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 113 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 589 бейтап, амбулатордук түрдө 910 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 567 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 172 миң 15 киши айыгып чыкса, 2 миң 583 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий