• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19. Кыргызстанда акыркы суткада бустердик дозаны 1 миң 931 адам алды

COVID - 19 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб эмдөө боюнча статистикалык маалыматтарды берди.

Ага ылайык, акыркы сутка ичинде өлкөдө бустердик дозаны 1 миң 931 адам алган. Алсак, Бишкекте 258, Ош шаарында 80, Чүй облусунда 109, Ош облусунда 291, Нарын облусунда 67, Ысык-Көл облусунда 215, Жалал-Абад облусунда 654, Баткен облусунда 192 адам вакцина алды.

Төмөндө акыркы сутка ичинде коронавируска каршы эмдөө алгандар тууралуу толук маалыматты келтиребиз:

- биринчи дозасын 6 миң 529 адам алды, жалпы 1 млн 383 миң 143 адам;
- экинчи дозасын 672 адам алды, республика боюнча экинчи доза алгандар 1 млн 127 миң 982 адам;
- бустердик дозаны 1931 адам алды, алардын жалпы саны 91 миң 993 адамга жетти.

Пикир

Оставить комментарий