• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19. Кыргызстанда акыркы суткада дээрлик 7 миң адам эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 24.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 6 миң 993 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 4 миң124 адам вакцинанын биринчи дозасын, 2 миң 869 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 943 миң 627 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 716 миң 197 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий