• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19. Кыргызстанда бир күндө бустердик дозаны 856 адам алды

COVID - 19 0

Бишкек, 13.03.22. /Кабар/. COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб эмдөө боюнча статистикалык маалыматтарды берди.

Акыркы сутка ичинде коронавируска каршы эмдөө алгандар тууралуу толук маалыматты келтиребиз:

- биринчи дозасын 3 миң 662 адам алды, жалпы 1 млн 464 миң 531 адам;

- экинчи дозасын 351 адам алды, республика боюнча экинчи доза алгандар 1 млн 207 миң 541 адам;

- бустердик дозаны 856 адам алды, алардын жалпы саны 137 миң 472 адамга жетти.

Пикир

Оставить комментарий