• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19: Кыргызстанда бир суткада 10,7 миң адам эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 10 миң 725 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 миң 49 адам вакцинанын биринчи дозасын, 6 миң 676 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 93 миң 552 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 876 миң 920 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий