• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19. Кыргызстанда бир суткада 5 миң 591 адам эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 19.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 5 миң 591 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 2 миң 575 адам вакцинанын биринчи дозасын, 3 миң 16 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 185 миң 910 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 972 миң 553 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий