• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19: Кыргызстанда бир суткада дагы 658 адамдан жаңы табылып, сегиз бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 06.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда 6-августка карата коронавирус дагы 658 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 345, Ош шаарында – 9, Чүй облусунда – 80, Ош облусунда – 18, Талас облусунда – 10, Нарын облусунда – 14, Ысык-Көл облусунда – 59, Жалал-Абад облусунда – 74, Баткен облусунда – 49 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 1 миң 532 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча сегиз бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 173 бейтап, амбулатордук түрдө 6 миң 874 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 167 миң 734 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 153 миң 934 киши айыгып чыкса, 2 миң 380 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий