• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19: Кыргызстанда «Биз барбыз» Элдик штабы түзүлдү

COVID - 19 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда «Биз барбыз» Элдик штабы түзүлдү. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул штабка ар бир каалоочу кире алат, телеграм, фейсбук, инстаграм топтору бар. Учурда топко өлкөнүн ар кайсы аймактарынан миңге жакын адам кошулган жана алардын саны күн сайын өсүүдө.

"Алар өздөрүнүн иш-аракеттерин муктаждарга активдүү жардам берүү менен бириге башташты. «Биз Барбыз» Элдик штабдын иш-чаралары Республикалык штаб менен өнөктөштүктө ишке ашырылат. Элдик штабда ыктыярчылардын тобу бар, алар керек болгон жерлерге тамак-аш, беткаптарды, коргоочу каражаттарды жеткирүүгө жардам беришет. Мисалы, обсервациядагы медицина кызматкерлерине жана санитардык-карантиндик посттордогу милиция кызматкерлерине жеткиришет", - деп айтылат маалыматта.

Билдирүүгө ылайык, жакында эле Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине 3500 беткапты тапшырышты жана республикалык инфекциялык ооруканадагы дарыгерлер үчүн көптөгөн тамак-аш азыктарын жеткиришти.

Пикир

Оставить комментарий