• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

COVID-19: Кыргызстанда дагы 89 адамдан табылып, 2 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда 21-сентябрга карата коронавирус 89 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 53, Чүй облусунда – 17, Ош облусунда - 1, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 6, Баткен облусунда - 3 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 108 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 571 бейтап, амбулатордук түрдө 865 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 869 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 172 миң 369 киши айыгып чыкса, 2 миң 592 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий