• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

COVID-19. Кыргызстанда үй шартында 1 миң 788 адам дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 17.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда 1 миң 788 адам коронавирус жана пневмониядан үй шартында дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министрлигинин саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында ооруканаларда 527 бейтап дарыланууда.

"Бишкек шаарында 103 киши, Ош шаарында – 14, Чүй облусунда – 37, Ош облусунда – 86, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 67, Жалал-Абад облусунда – 83, Талас облусунда – 14, Баткен облусунун ооруканаларында 113 бейтап дарыланууда", - деди ал.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 81 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 45 миң 153тү түзөт. Алардын ичинен 41 миң 317 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий