• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19: Кыргызстанда калкты эмдөө башталат. Вакцина жүргүзө турган жайлар

COVID - 19 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Коронавируска каршы эмдөө жүргүзүү үчүн медициналык кызматкерлерди окутуу башталды.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, вакцина алгач Бишкек, Ош жана Чүй облусунда жүргүзүлөт.

Бишкекте 4 үй-бүлөлүк медицина бириктирилген борборунда жана №7 үй-бүлөлүк медицина борборунда 5 эмдөө пункту ачылат. Сокулук жана Ысык-Ата райондорундагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда 2 пункт, Ош шаарында №8, №10 үй-бүлөлүк медицина борборунда 2 пункт ачылат.

Эскерте кетсек, Кыргызстанга Кытайдан COVID-19га каршы SinoPfarm вакцинасынын 150 миң дозасы келген.

Пикир

Оставить комментарий