• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19: Кыргызстанда канча жасалма дем алдыруучу аппарат бар? — жооп

COVID - 19 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. 2020-жылдын 1-мартына карата КР Саламаттык сактоо уюмдарында 551 жасалма дем алдыруучу аппарат бар. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул аппараттар балдар жана улуулар үчүн деп бөлүнбөйт.

"КР Саламаттык сактоо министрлиги башка өлкөлөрдөн (РФ, КЭР ж.б.) кошумча жасалма дем алдыруучу аппараттарды алууга сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 1-апрелге карата өлкөдө коронавирусту жуктурган дагы 4 жаңы учур катталып, жалпы ооругандардын саны 111 кишиге жетти.

Пикир

Оставить комментарий