• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19. Кыргызстанда катаал карантин чаралары киргизилбейт — Бейшеналиев

COVID - 19 0

Бишкек, 12.05.21. /Кабар/. Кыргызстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу катаал карантин чаралары киргизилбейт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, былтыр карантин киргизилгендигине байланыштуу экономикалык кризиске туш болдук. “Карантинден кийин адамдар массалык түрдө коомдук жайларга бара баштады, ушул себептен 2020-жылдын май жана июнь айларында оорунун күч алышы байкалды. Биз учурда калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө көбүрөөк көңүл буруп жатабыз”, - деди министр.

Ошондой эле министр белгилегендей, Бишкек азыр кызыл зонада, анткени калктын 100 миңине COVID-19 жуктурган12-13 учур катталууда.

“Жарандарды муктаждыгы болбосо борборго аймактардан, аймактарга борбордон каттабай турууга чакырабыз”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий