• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда 22-мартка карата коронавирус жуктурган жаңы учур катталган жок

COVID - 19 0

Бишкек, 22.03.20. /Кабар/. 22-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы учур катталган жок. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Бардыгы болуп республикада COVID-2019 кабылгандардын саны 14 (6 эркек, 8 аял):

Баткен облусу – 1 адам;

Сузак району – 8 адам;

Ноокат району – 3 адам;

Бишкек шаарында – 2 адам.

Бейтаптардын жаш курактары 25 жаштан 80 жашка чейинкилер, бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүүдө.

Бейтаптар менен байланышта болгон жактардын саны – 2 миң 628 адам.

Пикир

Оставить комментарий