• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19: Кыргызстанда коронавирустун «Дельта» штаммы аныкталган жок

COVID - 19 0

Бишкек, 30.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда май айында коронавирус инфекциясы менен ооругандардын арасында COVID-19дун «Дельта» штаммы аныкталган жок, анализ Россиядагы лабораторияда жүргүзүлдү. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин эпидемиологиялык башкармалыгынын башчысы Динара Оторбаева билдирди.

Анын айтымында, анализдердин жыйынтыгына ылайык 85% британдык штамм жана 14% түштүк-африка штаммы аныкталган.

Эскерте кетсек, үлгүлөр Новосибирск шаарындагы (РФ) лабораторияга жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий