• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

COVID-19 Кыргызстанда: Ноокат районунун аймагына 35 блок-пост коюлду

COVID - 19 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Ноокат районунун аймагына өзгөчө кырдаал киргизилгендигине байланыштуу 35 блок-пост коюлду. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан кабарлашты.

Милициянын маалыматына ылайык, блок-посттор Жаңы-Ноокат жана Зулпуев айыл аймактарына коюлган.

"Аталган блок-посттордо күнү-түнү түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Башкы максат - калктын саламаттыгын сактоо жана коронавирустун мындан ары жайылып кетүүсүнө жол бербөө", - деп айтылат маалыматта.

Милиция калкты түшүнүү менен кароого чакырат.

Эскерте кетсек, 18-март күнү Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы 3 учур Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) катталган. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген. Ошондой эле бүгүн, 20-март күнү өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ноокат районунда коронавирусту жуктурган дагы үч учур катталганын билдирген. Алар Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан учуп келишкен. Мындан улам Ноокатта өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны алты кишиге жетти.

Пикир

Оставить комментарий