COVID-19 Кыргызстанда: Обсервацияда 1097 адам жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Обсервацияда бүгүнкү күндө 1097 адам жатат, ал эми үй карантинине 439 адам жайгаштырылган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Министрдин маалыматы боюнча, алардын тизмеси күн сайын көзөмөлдөп туруу үчүн укук коргоо органдарына жана үй-бүлөлүк дарыгерлерге берилген.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 8-апрелге карата коронавирус жуктурган 42 жаңы учур катталды. Учурда өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 270ке жетет. Илдетти жуктуруп алгандардын арасында 32 медицина кызматкери бар. Коронавирус жуктурган 4 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий