• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

COVID-19 Кыргызстанда. Оорудан каза болгон медиктердин жакындарына кенемте төлөнбөйт

COVID - 19 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. COVID-19 коронавирустук инфекциясынан каза болгон медиктердин жакындарына кенемте төлөнүп берилбейт. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифинде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Министрдин орун басарына "ооруп калган медиктен анын үй-бүлө мүчөлөрү же жакындары коронавирус жуктуруп каза болсо, аларга кенемте төлөнүп берилеби?", - деген суроо узатылды.

Үсөнбаев мындай категориядагы жарандар каралган эмес экендигин маалымдады.

"Эгерде медик өзү ооруп калган болсо, анда комиссия атайын иштерди жүргүзөт. Андан кийин гана төлөм төлөнөт", - деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, 6-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуккан 28 жаңы учур катталып, жалпы 871 учурга жетти. Анын ичинен 221и медицина кызматкерлери. Стационарда 245 адам жатат, алардын ичинен төртөө реанимацияда. Ооруканадан 614 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Айыккандарданы 154ү медиктер. Ал эми коронавирус жуккан 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий