• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

COVID-19. Кыргызстанда ооруканаларда 6 миң 443 бейтап дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда ооруканаларда 6 миң 443 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөнүн ооруканаларында коронавирустан 1 миң 525 адам жана 4 миң 918 бейтап пневмониядан дарыланууда.

Бишкек шаарында 2 миң 963 киши, Ош шаарында – 530, Чүй облусунда – 597, Ош облусунда – 899, Нарын облусунда – 104, Ысык-Көл облусунда – 493, Жалал-Абад облусунда – 442, Талас облусунда – 51, Баткен облусунун ооруканаларында 364 бейтап дарыланууда.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 304 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 40 миң 759ду түзөт. Алардын ичинен 33 миң 27 киши айыгып чыкты, 1 миң 484 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий