• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19 Кыргызстанда: Ошто үймө-үй кыдыруу уланууда

Аймак 0

Бишкек, 04.05.20. /Кабар/. Ошто коронавирус жуккандарды аныкташ үчүн үймө-үй кыдыруу уланууда. Бул тууралуу Ошто өткөн брифингде Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Салтанат Орозбаева билдирди.

Анын маалыматына караганда, шаар боюнча атайын 12 мобилдик топ бар. Анда 60 медицина кызматкери иштейт.

"Атайын медициналык кызматкерлерден турган топ үймө-үй кыдырып, калктын абалынан кабар алууда. Керек болгон учурда экспресс-тесттерди жасап жатышат. Эгерде тесттердин жыйынтыгы күмөндүү болсо, анда ПЧР-анализ алынат", - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Ош облусу боюнча 169 жаран коронавирус жуктурган, ал эми Ош шаары боюнча коронавирус жуктурган 113 учур катталган.

Эске салсак, 4-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 830га жетти. Алардын ичинен 216сы медицина кызматкери. Илдеттен 575 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 10 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий