• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19 Кыргызстанда: Президент Жээнбеков дарыгерлерге ыраазычылык билдирди

COVID - 19 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-мартта, өлкөнүн айрым шаарларында жана райондорунда өзгөчө абал режими киргизилгенине байланыштуу кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысы өз кайрылуусунда, Жалал-Абад, Ош, Бишкек шаарларына жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизүү жөнүндө Жарлыкка кол койгондугун эске салды.

Президент билдиргендей, өлкөдөгү өзгөчө кырдаал жана аталган аймактардагы өзгөчө абал жашоо турмушубузда айрым ыӊгайсыздыкты, бир кыйла чектөөлөрдү жаратат.

«Мекендештерибизден тартипти темирдей бекем сактоо талап кылынат. Бул илдеттин мындан ары жайылып кетүүсүн болтурбоо максатында мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик бардык милдеттерди аткарып жатат. Врачтарыбыз, чек ара жана милиция кызматкерлери күнү-түнү иштөөдө», - деди президент.

Жээнбеков баса белгилегендей, бул аракеттер коомчулук тарабынан, ар бир жаран тарабынан колдоого алынбаса, ийгилик болбойт.

«Күнү-түнү аракеттенип жаткан ар тармактын кызматкерлерине, биринчи кезекте дарыгерлерибизге дагы бир ирет ыраазылык билдирем. Алгачкы күндөрү медиктерибиздин ишин камсыздоо боюнча кемчиликтер болгон. Андан кабардармын. Республикалык штаб кырдаалды жолго коюуда. Урматтуу дарыгерлер, сиздердин күйүп-жанып, башкаларга ишеним берген эмгегиңерди жалпы журтубуз бийик баалайт. Сиздерди мамлекет камкордугуна алат. Азыркы иш-аракеттерди күчөтүлгөн тартипте улантууну суранам», - деди өлкө башчысы.

Пикир

Оставить комментарий