• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19: Кыргызстанда сутка ичинде 20 бейтап ооруканадан айыгып чыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 20 бейтап коронавирустан айыгып ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Коронавирустан 20 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен Бишкек шаарында – 4, Ош шаарында – 8, Жалал-Абад облусунда - 8 бейтап. Учурда коронавирустан айыккандардын саны 322ге жетти", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 24-апрелге карата коронавирус жуктурган 25 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 656га жетет. Алардын ичинен 322 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий