• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19: Кыргызстанда сутка ичинде 23 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Жалпы 345

COVID - 19 0

Бишкек, 25.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 23 бейтап коронавирустан айыгып ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

"Коронавирустан 23 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен Бишкек шаарында – 12, Ош шаарында – 10, Жалал-Абад облусунда - 1 бейтап. Учурда коронавирустан айыккандардын саны 345ке жетти", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 25-апрелге карата коронавирус жуктурган 9 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 665ке жетет. Алардын ичинен 345 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий