• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

COVID-19: Кыргызстанда сутка ичинде 48 бейтап ооруканадан айыгып чыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 48 бейтап коронавирустан айыгып ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Коронавирустан 48 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен Бишкек шаарында – 14, Нарын облусу – 2, Ош облусу – 7, Ош шаары – 25 бейтап. Учурда коронавирустан айыккандардын саны 302ге жетти", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 23-апрелге карата коронавирус жуктурган 19 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 631ге жетет. Алардын ичинен 302 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий