• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19. Кыргызстанда вакцинанын экинчи дозасын 1 млн 207 миң 802 адам алды

COVID - 19 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб эмдөө боюнча статистикалык маалыматтарды берди.

Акыркы сутка ичинде коронавируска каршы эмдөө алгандар тууралуу толук маалыматты келтиребиз:

- биринчи дозасын 287 адам алды, жалпы 1 млн 464 миң 607 адам;
- экинчи дозасын 9 адам алды, республика боюнча экинчи доза алгандар 1 млн 207 миң 802 адам;
- бустердик дозаны 76 адам алды, алардын жалпы саны 137 миң 549 адамга жетти.

Пикир

Оставить комментарий