• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19: Кыргызстанда жарандардан 70 миңден ашык экспресс-тест алынган

COVID - 19 0

Бишкек, 01.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда жарандардан 70 миңден ашык экспресс-тест алынган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Абдыкадыр Жороев билдирди.

Анын айтымында, өлкөгө 117 миң экспресс-тест алынып келинген.

"Анын 70 миңден ашыгы колдонулду. Булар диагностикалык максатта эмес, скрининг үчүн колдонулуп жатат. Алар жүк ташыган унаалардын айдоочуларына, жыш жайгашкан жерде иштеген адамдарга колдонулууда. Экспресс-тесттин расмий нускамасы боюнча 70%га чейин сезимталдыгы болушу керек эле. Бирок, бүгүнкү күндө Кыргызстанда жасалып жаткан жумуштардын жыйынтыгында тастыктоо маселеси 8%ды гана түзөт", - дейт ал.

Жороев кошумчалагандай, учурда тоңдурулган анализдер жок. Ар бир келген анализдер бир сутка ичинде изилденип жатат. Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 756га жетти. Алардын ичинен 198и медицина кызматкери. Илдеттен 504 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий