• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

COVID-19: Кытай Кыргызстанга 21 миң даана экспресс-тест берди

COVID - 19 0

Бишкек, 02.04.20. /Кабар/. Кытай Кыргызстанга 21 миң экспресс-тестти жардам катары берди. Бул тууралуу КРнын Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Саламаттык сактоо министрлигинде Кытайдын өкмөтү Кыргызстанга гуманитардык жардам катары SARS CoV-2 Antibody test түрүндөгү 21 миң экспресс-тесттинин тапшыруу аземи өттү.

Иш-чара саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жана КРнын Тышкы иштер министрлигинин экинчи саясий департаментинин директору Төлөндү Макеевдин катышуусунда өттү. Аталган тесттер 20 мүнөттүн ичинде коронавирусту аныктап, анын жайылышына бөгөт коет. Эгер тесттин жыйынтыгында коронавирустун белгилери байкалса, анда Полимераздык чынжыр реакция (ПЦР) анализи алынат.

"Кытайдын өкмөтүнө жана Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине көрсөткөн жардам үчүн ыраазычылыгымды билдирем", - деп белгиледи министр Сабиржан Абдикаримов.

Пикир

Оставить комментарий