• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

COVID-19: Кызыл жарым ай коому Бишкектеги көчмө ыктыярчылардын ишин жандантты

COVID - 19 0

Бишкек, 26.10.20. /Кабар/. Улуттук Кызыл жарым ай коому Бишкектеги көчмө ыктыярчылардын ишин жандантты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-октябрдан тарта Кызыл жарым айдын Бишкектеги командалары ыкчам тез жардамга муктаж болгон, коронавируска шектелген жарандардын чакырууларына чыга баштады.

"Коронавируска шектелген жарандар 0502 300 190, 0704 007 574 номерлерине кайрыла алат", - деп айтылат маалыматта.

Топтун курамында дарыгерлер жана ыктыярчылар кирет. Жумуш күнү-түнү жүргүзүлөт. Топтор толугу менен жабдылган, атайын унаада кычкылтек концентратору, пульсоксиметр, Амбу дем алуу каптары жана башка меджабдыктар бар.⠀

Пикир

Оставить комментарий