• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

COVID-19: Ленин районунда бир катар уюмдарга "Кыргызстан - жашыл аймак" интерактивдүү картасы берилди

COVID - 19 0

Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. Бишкек шаардык Ленин районунун башчысы Мурат Осмонов кызматкерлердин 70% дан ашыгы эмдөөдөн өткөн мекемелердин жетекчилерине "Кыргызстан - жашыл аймак" интерактивдүү картасын тапшырды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, интерактивдүү карта тɵмɵнкү уюмдарга берилди:

- № 1 ҮБДББ – 88,8%;
- № 2 ҮБДБ – 86,0%;
- № 11 ҮБДБ – 97,10%;
- № 12 ҮБДБ – 76,80%;
- № 13 ҮБДБ – 95,20%;
- № 17 ҮБДБ – 86,50%;
- №2 клиникалык төрөт үйү – 83,0%;
- Кыргыз-Түрк «Манас» университети– 86,6%;
- №5 бала-бакчасы – 72%;
- №22 бала-бакчасы – 76%;
- №28 бала-бакчасы – 84%;
- №37 бала-бакчасы – 74%;
- №52 бала-бакчасы – 100%;
- №53 бала-бакчасы – 88%;
- №72 бала-бакчасы – 84%;
- №73 бала-бакчасы – 80%;
- №131 бала-бакчасы – 83%;
- №141 бала-бакчасы – 73%;
- №8 жалпы орто мектеби – 76%;
- №9 окутуучу көмөкчү комплекси – 74%;
- №22 көмөкчү мектеби– 76%;
- №42 жалпы орто мектеби – 77%;
- №47 жалпы орто мектеби – 77%;
- №50 жалпы орто мектеби – 91%;
- №57 жалпы орто мектеби – 70%;
- №58 жалпы орто мектеби – 71%;
- №74 мектеп-лицейи – 74%;
- №77 жалпы орто мектеби – 70%;
- № 10 жаш жумушчулар мектеби– 72%.

Район башчысы жигердүү жарандык позициясы жана пандемия менен күрөшүүгө кошкон салымы үчүн баардыгына ыраазычылык билдирди.

"Урматтуу шаардыктар жана борбордун коноктору! Баарыңыздарды эмдөө алууга чакырабыз. Эмдɵɵ COVID-19 инфекциясын алдын алуунун бирден бир эффективдүү жолу. Ошондой эле, сиздерден санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана эрежелерди сактоону улантууну: беткап кийүү, аралыкты сактоо, антисептик колдонуу жана бөлмөнү тез-тезден желдетүүнү суранабыз. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздɵр!",-деп айтылат мэриянын маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий