• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19: Өлкө аймагындагы стационарларда 1 миң 195 бейтап дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 06.10.20. /Кабар/. Өлкө аймагындагы стационарларда 1 миң 195 бейтап дарыланууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, стационарда 1 миң 195, амбулатордук түрдө 1 миң 439 бейтап дарыланууда.

Белгилей кетсек, 6-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 164 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 47 миң 799 түзөт. Алардын ичинен 43 миң 644 киши айыгып чыкты, 1 миң 66 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий