• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

COVID-19: Өлкө аймагындагы стационарларда 1 миң 456 бейтап дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 09.10.20. /Кабар/. Өлкө аймагындагы стационарларда 1 миң 456 бейтап дарыланууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Ага ылайык, стационарда 1 миң 456 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 533 бейтап дарыланууда.

Белгилей кетсек, 9-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 275 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 48 миң 617ни түзөт. Алардын ичинен 44 миң 97 киши айыгып чыкты, 1 миң 77 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий