• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өлкө аймактарында калктын аярлуу катмарына берилген жардамдар тууралуу маалымат

Өкмөт 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн Кыргыз Республикасынын аймактарында 2020-жылдын 3-апрелине карата калктын аярлуу катмарына берилген жардамдар тууралуу маалымат беришти.

Ош облусу

Ош облусу боюнча аз камсыз болгон 15132 үй-бүлөгө үй-бүлөлөргө жардам катары 757,45 тонна ун, 8730 кг макарон, 28673 л өсүмдүк майы, 2322 кг күрүч, 4114 кг кумшекер, 1375 кг эт, 2260 кг картошка таркатылды. Гуманитардык жардам менен биргеликте айрым үй-бүлөлөргө 86 миң 700 сом өлчөмүндө финансылык көмөк көрсөтүлдү.

Гуманитардык жардам катары ошондой эле 9 тонна хлор, 149405 даана беткап, 425 л антисептик, 1367 даана коргоо костюмдары, 2000 даана кол каптар жеткирилди.

Мындан сырткары, 2 тез жардам унаасы берилди.

Жалал-Абад облусу

Жалал-Абад облусунда жашаган 13536 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам катары 459,1 тонна ун, 7079 кг макарон, 29911 л өсүмдүк майы, 8286 кг күрүч, 1635 кг кумшекер, 369 кг эт, 3412 кг картошка берилди.

Мындан тышкары, 10,6 тонна хлор 161662 даана беткап, 3643л антисептик, 1056 даана коргоо костюмдары, 127643 даана кол каптар, 1030 даана тепловизор жана термометр таркатылып берилди. Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 5 980 796 сомду түздү.

Баткен облусу

Баткен облусунда жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жергиликтүү бийлик, демөөрчүлөр жана бейөкмөт уюмдар тарабынан гуманитардык жардамдар көрсөтүлүүдө.

Облус боюнча муктаж үй бүлөлөргө жардам катары 197,9 тонна ун, 3457 кг макарон, 2169 л өсүмдүк майы, 1407 кг күрүч, 2697 кг кумшекер берилди.

Мындан сырткары, 5258 тонна хлор, 66266 даана беткап, 1557 л антисептик, 564 даана коргоо костюмдары, 9965 даана кол кап түрүндөгү медициналык каражат түрүндө гуманитардык жардамдар берилди.

Талас облусу

Талас облусунда жалпысынан 926 аз камсыз үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Муктаж үй- бүлөлөргө жардам катары 36,05 тонна ун, 3407 кг макарон, 1992 л өсүмдүк майы, 6,55 тонна күрүч, 588 кг кумшекер, 594 кг эт, 750 кг картошка берилди.

Мындан тышкары, медициналык каражат түрүндө 6744 тонна хлор, 54180 даана беткап, 553 л антисептик, 410 даана коргоо костюмдары, 3625 даана кол кап гуманитардык жардам катары берилди.

Чүй облусу

Чүй облусунда аз камсыз болгон 6962 үй-бүлөгө жардам катары 234,1 тонна ун, 7967 кг макарон, 12924 л өсүмдүк майы, 4539 кг күрүч, 7179 кг кумшекер, 1002 кг эт берилди.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 14,5 тонна хлор, 68751 даана беткап, 364 атайын көз айнектер, 3138 л антисептик, 1535 даана коргоо костюмдары, 33829 даана кол каптар берилди.

Ысык-Көл облусу

Ысык-Көл облусу боюнча 2782 тургунга жардам берилди. Муктаж болгон жарандарга 130,72 тонна ун, өсүмдүк майы 7654 л. жана 1649 кг макарон берилди. Мындан сырткары, 1011 кг күрүч, 2131 кг кумшекер берилди,468 кг эт, 545 кг картошка берилди. Гуманитардык жардам менен катар айрым үй-бүлөлөргө 42 миң сом суммасындагы финансылык жардам дагы көрсөтүлдү.

Дезинфекциялоо жана санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо үчүн 3162 кг хлор, 37330 даана бет кап, 1080 литр антисептик жана 580 даана коргоо костюмдары, 157688 даана кол кап, 276 даана көз айнектер берилди.

Нарын облусу

Нарын облусунда гуманитардык көмөк иретинде 82,60 тонна ун, 2428 кг макарон, 4148 л өсүмдүк майы, 293 кг күрүч, 424 кг кумшекер, 530 кг эт берилди.

Мындан тышкары, облустун мекемелерине жана тургундарга медициналык каражат түрүндө 1896 тонна хлор 97043 даана беткап, 1557 л антисептик, 1096 даана коргоо костюмдары, 32681 даана кол каптар берилди.

Бишкек шаары

Бишкек шаарында жеке спонсорлор аркылуу 240 тонна ун, 1261 кг макарон, 516 л өсүмдүк майы, 345 кг күрүч, 419 кг кумшекер, 628 кг картошка берилди.

Гуманитардык жардам катары 8400 даана беткап, 1557 л антисептик, 317 даана коргоо костюмдары, 10050 даана кол каптар берилди. Мындан сырткары, күнүмдүк керектелүүчү тамак-аш азыктары жана гигиеналык каражаттар таркатылды.

Ош шаары

Ош шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жергиликтүү бийлик, демөөрчүлөр жана бейөкмөт уюмдар тарабынан гуманитардык жардам катары 41 тонна ун, 1046 кг макарон, 1776 л өсүмдүк майы, 365 кг күрүч, 212 кг кумшекер, 210 кг картошка берилди.

Азык-түлүк менен камсыздоодо, жарандардын массалык топтолуусуна жол бербөө максатында, район, шаар, айыл аймактардагы гуманитардык жардам тизме менен үймө-үй жеткирилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий