• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19: Өлкө боюнча обсервацияларда 1992 орун дайындалды

COVID - 19 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Өлкө боюнча обсервацияларда 1992 орун дайындалды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Ага ылайык, "Манас" аэропортунда 803, Саламаттык сактоо министрлигинин жаткырып дарылоочу мекемелеринде 504, министрликтин дарылоо мекемелеринде 160, Беш-Күңгөй аскер госпиталында 75, "Эркечтам" көзөмөл-өткөрүү бекетинде 170, "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү бекетинде 100, Ош аскер госпиталында 70, "Ош" аэропортунда 40 жана Оштогу "Барчын" медициналык борборунда 70 орун дайындалган.

Белгилей кетсек, 18-март күнү саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганын – Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) 3 адамда коронавирус аныкталганын билдирген. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий