• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19. Өлкөдө акыркы суткада 12 миң 601 адам эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 03.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 12 миң 601 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 миң 148 адам вакцинанын биринчи дозасын, 7 миң 453 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 690 миң 997 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 463 миң 430 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий