• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19: Өлкөдөгү абал тууралуу маалымдоо үчүн телеграммда атайын “чат бот” иштелип чыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу ыкчам IT штаб тарабынан кыска мөөнөттө коронавирус боюнча абал тууралуу маалымдоо үчүн телеграммда атайын “чат бот” иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

“Чат бот” IT чечими – бул көп кайталанган суроолор багытында жарандарды маалымдоо боюнча дарыгерлердин ишин жеӊилдетүү жана бейтаптарга тийиштүү жардам берүүгө убакыт үнөмдөө мүмкүнчүлүгү.

“Чат ботту” колдонуу үчүн телеграммга катталып, төмөндөгү шилтемеге өтүү зарыл.

Эскерте кетсек, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети ыкчам IT штаб түзгөн.

Ыкчам IT штаб өлкөдөгү кырдаалдын жакшырышына өбөлгө түзгөн тез жана иштиктүү ар кандай IT чечимдерди жаратууда КР өкмөтүнө колдон келишинче жардамын берет. Ошондой эле социалдык демилгелерди көтөргөн жеке түзүмдөр менен уюмдарга дагы көмөктөшөт.

Пикир

Оставить комментарий