• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

COVID-19: Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал туруктуу – министр Абдикаримов

COVID - 19 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өтүп жаткан маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, 2020-жылдын 3-апрели саат 13:00гө карата өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 130 кишиге жетти.

"Бейтаптардын бардыгы ооруканаларда жатат. Алардын 14дө гана оорунун клиникалык белгилер бар, калгандарында клиникалык белгилери жок. Бирок лабораториялык ыкма менен аларда оорунун козгогучтары бар экендиги аныкталган. Учурда 17 миң 911 кишиден анализ алынган", - деп билдирди ал.

Министр коронавирус жуктуруп алгандардын ичинен – 72 аялдар, 58 – эркектер экендигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий