• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19: Өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизүү маселесин Коопсуздук кеңеши карашы мүмкүн - Исаков

COVID - 19 0

Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Өлкө боюнча өзгөчө кырдаал киргизүү маселесин Коопсуздук кеңеши карайт. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, башкы санитардык врач Төлө Исаков билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча өзгөчө кырдаал киргизүү маселеси азыркы убакта президенттин төрагалыгы астында өтүп жаткан Коопсуздук кеңешинин жыйынында каралат. “Облустар, райондор арасында кирип-чыгууну чектөө үчүн өлкө боюнча өзгөчө кырдаал жарыялоо керек. Бул маселе бүгүн каралат деп ойлойм”, - деди ал.

Эскерте кетсек, 18-март күнү Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы 3 учур Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) катталган. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Ошондой эле күн мурун, 20-март күнү өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ноокат районунда коронавирусту жуктурган дагы үч учур катталганын билдирген. Алар Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан учуп келишкен. Мындан улам Ноокатта өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Мындан тышкары, бүгүн 21-мартта саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдиргендей, дагы жаңы алты учур катталды. Алардын бешөө Сузак районунда, ал эми бирөө Баткен районунда. Бардыгы кичи ажылыктан келгендер.

Учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны он экиге жетти.

Пикир

Оставить комментарий