• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19: Майлуу-Сууда үй карантинине алынгандар көзөмөлдөнүүдө

Аймак 0

Бишкек, 02.12.20. /Кабар/. Майлуу-Суу ШИИБи тарабынан коронавирус илдетине байланыштуу үй карантинге алынган жарандар көзөмөлдөнүп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын жашаган үйлөрүнөн эч кайда чыкпоосу тиешелүү кызмат өкүлдөрү менен биргеликте текшерилүүдө. Жугуштуу илдетке байланыштуу медицина кызматкерлери тарабынан коюлган талаптар толук сакталуу керектиги эскертилүүдө.

Мындан сырткары милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарды коронавирустан сактанууга үндөшүүдө. Санитардык талаптар так сакталган учурда гана бул оорудан коргонууга боло тургандыгы жеткирилип жатат.

Пикир

Оставить комментарий