• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19. Майлуу-Сууда санитардык нормалар текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 17.10.20. /Кабар/. Майлуу-Сууда санитардык нормалар текшерилди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү бийлик жана тиешелүү кызмат өкүлдөрү менен биргеликте коронавируска каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Жугуштуу илдеттин алдын алуу максатында шаар аймагындагы базар, соода борборлору, чакан дүкөндөр текшерилип, санитардык нормалардын сакталышы көзөмөлгө алынды. Тиешелүү нормаларды сактабаган жактарга келтирилген кемчиликтерди жоюу талаптары коюлду.

Милиция кызматкерлери жарандарды оорудан сактанып, медициналык каражаттарды колдонууга чакырышты. Аралыкты сактоо, бет кап тагынуу, антисептикалык каражаттарды ар дайым жанына алып жүрүү учурдун талабы экендиги жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий