• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

COVID-19: Мамагенттиктин жамааты бир күндүк айлык акысын бөлөт

Коом 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Коронавирус менен күрөшүүгө Мамагенттиктин жамааты бир күндүк айлык акысын которуп берет. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 23-мартта Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкуловдун жетекчилигинде өткөн аппараттык жыйында коронавирустун жайылып кетүүсүн алдын алууга карата иш-чараларды каржылоо үчүн атайын эсепке Мамагенттиктин кызматкерлеринин бир күндүк айлык акысын которуп берүү чечими кабыл алынды.

Мамагенттиктин кызматкерлери кыргызстандыктарды коронавируска каршы бардык чараларды сактоого чакырат жана коронавирустук инфекция менен күрөшүүдө медициналык кызматкерлерге ийгилик каалайт.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда учурда COVID-2019 илдетин жугузгандардын саны 14 кишини түзөт (6 эркек, 8 аял): Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 8 адам, Ноокат району – 3 адам жана Бишкек шаарында – 2 адам.

Андан тышкары, Тышкы иштер министрлиги берген маалыматка таянсак, Пакистанга дааватка кеткен кыргызстандык бир жарандан коронавирус илдети табылган.

Пикир

Оставить комментарий