• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19: Мамлекеттик маанидеги 2 документ кабыл алынды — Боронов

Өкмөт 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Кубатбек Боронов брифингде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул жылдагы иш-аракеттеринин планынын айрым багыттары жөнүндө айтып берди.

Анын айтымында, өткөн жумада мамлекеттик маанидеги 2 документ кабыл алынды. Алар - социалдык, экономикалык туруктуулукту жана калктын кирешелерин колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттеринин планы, ошондой эле болушу мүмкүн делген COVID-19дун экинчи толкунуна даярдануу боюнча иш-чаралардын планы.

«Өлкөнү санариптештирүү боюнча иштер улантылат. Бул чөйрөдө билим берүү тармагы негизги багыттардан болуп саналат. Аралыктан билим берүүгө өтүү өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясаттын логикалык уландысы болуп эсептелет. Учурда мугалимдерди техникалык жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча иштер жүрүүдө. Алдын ала жүргүзүлгөн мониторинг көрсөткөндөй, 4 782 аз камсыз болгон үй-бүлөнүн сыналгысы, ал эми 65 616 окуучунун смартфону жок. Донорлор тарабынан мектеп окуучуларына тиешелүү техникалык каражаттар жардам иретинде берилет. Мобилдик операторлор акысыз интернет менен камсыз кылат», - деди Кубатбек Боронов.

Премьер-министр саламаттык сактоо мекемелерин санариптештирүү маанилүү маселелерден болуп саналарын кошумчалады.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-аракеттеринин планында жарандардын ден соолугун сактоого өзгөчө көңүл бурулду. Ушул пункттун алкагында медициналык адистерди окутуу жана ишке тартуу, 14 медициналык мекемени куруу, оңдоо жана жабдуу, керектүү жабдууларды жана дары-дармектерди сатып алуу жагы каралган», - деди өкмөт башчы.

Пикир

Оставить комментарий