• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19: "Манас" аэропорту Сокулук районундагы медициналык мекемеге жардам көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 30.10.20. /Кабар/. "Манас" эл аралык аэропорту" ААКы аймактык ооруканага жана Сокулук районунун ҮМБге COVID-19га каршы күрөшүү үчүн материалдык жардам көрсөттү. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өлкөдөгү оор эпидемиологиялык абалга байланыштуу медициналык жабдык жана жеке коргоо каражаттарын сатып алууда көмөк көрсөтүлдү:

• керебеттин жанындагы мониторлор – 2 даана
• кычкылтек концентраторлору – 3 даана
• жеке коргонуу каражаттары – 55 даана

Маалымдама: өлкөдөгү оор эпидемиологиялык абал курчуган учурда Сокулук районунун аймагында COVID-19 жана пневмония менен ооругандар үчүн 379 койка-орунга 29 күндүзгү стационар ачылган. Бар болгон маалымат боюнча, 2020-жылдын июль айына карата күндүзгү стационарлар ачылгандан бери 10 миңден ашык адам меджардам алууга кайрылган; Сокулук районунда COVID-19 жана пневмония менен ооругандардын саны 3 800 адамды түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий