• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19. Март айынан бери медициналык кызматкерлерге кошумча төлөм үчүн 377,5 млн сом бөлүнгөн

COVID - 19 0

Бишкек, 03.07.20. /Кабар/. Коронавирус менен күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерине кенемте төлөө үчүн март айынан бери 377,5 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

“Анын ичинен март айы үчүн эпидемиологиялык очоктордо иштеген 6 миң 438 медицина кызматкерине (2 мин 217 дарыгер, орто медициналык персонал – 2 миң 836 киши, кенже медициналык кызматкерлер – 708 киши жана башка кызматкерлер – 677 адам) кошумча төлөм катары 37,7 млн сом бөлүнгөн. Апрель айы үчүн 10 миң 61 медицина кызматкерине (2 миң 886 дарыгер, орто медициналык персонал – 4 миң 658 киши, кенже медициналык кызматкерлер – 1 миң 363 киши жана башка кызматкерлер – 1 миң 155 адам) 111,6 млн сом кенемте төлөнгөн. Май айы үчүн 8 миң 891 медицина кызматкерине (2 миң 696 дарыгер, орто медициналык персонал – 3 миң 676 киши, кенже медициналык кызматкерлер – 1 миң 268 киши жана башка кызматкерлер – 1 миң 251 адам) кошумча төлөм үчүн 109,8 млн сом бөлүнгөн. Бардыгы болуп 3 айда медицина кызматкерлерине 259,1 миң сом кенемте төлөнгөн. Бул каражаттар саламаттык сактоо мекемелеринин депозиттик эсептерине которулган. Алардын андан кийинки бөлүштүрүлүшү саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилерине жүктөлөт”, - деди ал.

Ал белгилегендей, алдын ала эсеп боюнча, июнь айы үчүн 10 миң 237 медицина кызматкерине 109,6 млн сом кошумча төлөм төлөнөт.

Пикир

Оставить комментарий