• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19. Мечиттер үчүн эскертме

COVID - 19 0

Бишкек, 10.06.20. /Кабар/. Республикалык штаб мечиттердин жооптуу кызматкерлерине коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн эскертме сунуштайт.

Эскертмеде төмөнкү шарттар айтылат:

1. Мечит жана намазканалардын кире беришине банланышсыз термометрия жүргүзүүнү уюштуруу (эгер дене табы 37,5 ˚С жогору болгондор болсо, анда аларга үйдө болуу зарыл экенин түшүндүрүү);

2. Мечиттердин кире беришине антисептик орнотуу;

3. Мечитке келгендердин беткап тагынуусун талап кылуу;

4. Намазды мүмкүн болушунча мечиттин сыртында окуу сунушталат;

5. Мечиттин эшик-терезелерин ачып, ичин желдетип туруу;

6. Намаздан кийин эшиктин туткаларын, кол жуугучтарды, суу агызгычтарды дезинфекциялап сүртүү;

7. Мечиттеги килемдерди күн сайын чаң соргуч менен тазалап туруу.

Ошондой эле:

- Мечитте парз намаздарын гана окуу;

- Ар ким өзүнүн жайнамазын көрөтүп келиши керек;

- Намаз окуган учурда 1 метрден кем эмес аралыктык сактоо;

- Учурашууда, коштошууда кол алышпоо жана кучакташпоо;

- Зарылчылык жок болсо мечитте көпкө кармалбоо;

- Сүннөт намаздарын үйдөн окуп, мечитке даарат менен келүү.

“Жаш балдар, улуу курактагылар жана өнөкөт оорусу барлар жана дене табы көтөрүлгөн же оорунун башка белгилери байкалган адамдар, көпчүлүккө аралашпашы керек”, - деп эскертет штаб.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 8-июндан тарта мечит, чиркөө, ибадатканалардын иштөөсүнө уруксат берилген.

Пикир

Оставить комментарий