• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19. Медицина кызматкерлерине июль айы үчүн 396 млн 60 миң сом кенемте төлөнөт

COVID - 19 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Коронавирус менен күрөшүп иштеп жаткан медицина кызматкерлерине июль айы үчүн 396 млн 60 миң сом кенемте төлөнөт. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

"Курман-Айт майрамынын алдында Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жок кылуу боюнча ыкчам штабдын чечими менен медицина кызматкерлерине июль айы үчүн кенемте төлөмдөрүн жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-июлундагы №264-буйругу менен республикалык бюджеттен Саламаттык сактоо министрлигине 30 млн сом жана КР өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 400 млн сом бөлүндү", - деп билдирет штаб.

Бөлүнгөн каражаттын ичинен 29-июль күнү саламаттык сактоо уюмдарына 225 млн сом төлөнүп берилген. Анын ичинде:

- Бишкек шаары — 58 млн 733,8 миң сом;
- Чүй облусу — 37 млн 278,7 миң сом;
- Ош облусу жана Ош шаары — 34 млн 110,8 миң сом;
- Баткен облусу — 13 млн 54,9 миң сом;
- Жалал-Абад облусу — 28 млн 871 миң сом;
- Нарын облусу — 14 млн 904,8 миң сом;
- Ысык-Көл облусу — 24 млн 879,2 миң сом;
- Талас облусу — 13 млн 165,9 миң сом.

"Кенемте төлөмдөрүн жүргүзүү үчүн бардык табелдер жана саламаттык сактоо уюмдарынын эсептик ведомосттор даяр болбогону эске алынып бул сумма саламаттык сактоо уюмдарынын болжолдуу эсептөөлөрүнө жараша төлөнүп берилди. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, бул зарыл болгон сумманын 55-60% түзөт. 30-июлда саламаттык сактоо уюмдарына инфекциянын очокторунда иштеген медицина кызматкерлерине бардык төлөмдөрдү ыкчам жана толук түрдө төлөө үчүн дагы 171,6 млн сом төлөп берүү пландалууда. Кошумча төлөмдөрдү өлкө боюнча 14 миңге жакын медицина кызматкери алышат. Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген 230 саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлерине июль айы үчүн Социалдык фондго кепилденген айлык маяна жана чегерүү катары 851,7 млн сом өлчөмүндө каражат төлөндү", - деп билдирет штаб.

Пикир

Оставить комментарий