• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

COVID-19: Медицина кызматкерлерине кошумча төлөм үчүн 38,5 млн сом жумшалат

Өкмөт 0

Бишкек, 04.04.20. /Кабар/. Коронавирус инфекциясына байланыштуу аныктоо жана дарылоо иш-чараларына тартылган медицина кызматкерлерине, кенже тейлөөчү жана техникалык кызматчыларга кошумча төлөм үчүн 38 млн 559 миң 307 сом жумшалат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен күрөшүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн ыктыярдуу жардам көрсөтүү түрүндө түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча комиссиянын жыйынында кабыл алынган.

Муну менен бирге Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) кесепеттери менен күрөшүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн ыктыярдуу жардам көрсөтүү түрүндө жеке жана юридикалык жактардан түшкөн акча каражаттарын, гуманитардык жана кайрымдуулук жардамын бөлүштүрүү тартиби жөнүндө Жобо бекитилген.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 4-апрелине карата Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөшүү иш-чаралары үчүн бирдиктүү эсепке 96 млн 919 миң 729 сом келип түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий