• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19. Медицина кызматкерлерине март айы үчүн кошумча маяна катары 34 млн 963 миң сом төлөнгөн

COVID - 19 0

Бишкек, 02.05.20. /Кабар/. Коронавирус менен күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерине март айы үчүн кошумча акы катары 34 млн 963 миң сом төлөндү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин каржы саясат башкармалыгынын башчысы Мирлан Атакулов билдирди.

Анын айтымында, март айында оору менен күрөшүүгө жалпы 6 миң 36 кызматкер тартылган.

Ал, медицина кызматкерлерине кошумча акы канча өлчөмдө төлөнөрү тууралуу айтып берди.

"Карантиндик- казармалык шартта иштеген, башкача айтканда стационарлардан чыкпай иштеген дарыгерлер үчүн 2,3 миң сом, орто медициналык персоналга 2 миң сом жана кенже жана техникалык кызматкерлерге 1,8 миң сом төлөнөт. Нөөмөт графиги боюнча иштеген кызматкерлерге, башкача айтканда жумушка келип-кетип иштеген же бир күн иштеп, эки күн бош болгон медицина кызматкерлерине кошумча акы саатына эсептелип, төлөнөт. Мисалы очок жеринде иштеген дарыгерлерге кошумча маяна саатына 100 сом, орто медициналык персоналга 90 сом жана кенже жана техникалык кызматкерлерге 80 сомду түзөт. Тез жардам кызматынын кызматкерлерине төлөм ооруну жуктуруп алган ар бир бейтапты ооруканага жеткиргени үчүн төлөнөт – дарыгерлерге 600 сом, орто медициналык персоналга 500 сом жана кенже жана техникалык кызматкерлерге 400 сом.

Анын айтымында, медицина кызматкерлеринин аз же көп иштегенине жараша алган кошумча маянасы ар түрдүү болот.

"Мисалы, кызматкер нөөмөт графиги боюнча күнүнө 6 сааттан, болжол менен айына 25 күн иштеген болсо анын кошумча акысы 15 миң сомду түзөт. Жумушта андан аз иштеген кызматкерлер бар. Ага ылайык аларга кошумча акы азыраак төлөнөт. Казармалык шарттарда иштеген кызматкерлер жетекчилиги түзүп берген график боюнча иштешет. Маселен кызматкер 15 күн казармалык шартта иштегенден кийин оорулуу адам менен байланышта болгон адам катары обсервацияга алынат. Обсервацияда болгон бир күнү үчүн кенемте катары 900 сом төлөнөт. Бул казармалык шартта иштеген медицина кызматкерлери үчүн каралган", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий