• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19. Медицина кызматкерлерине жыл аягына чейин кошумча төлөм төлөө үчүн 700 млн сом талап кылынат

Коом 0

Бишкек, 15.06.20. /Кабар/. Коронавирус менен күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерине жыл аягына чейин кошумча төлөмдөрдү төлөө үчүн 700 млн сом талап кылынат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында каржы министринин орун басары – Борбордук казынанын директору Марлен Амандыков билдирди.

“Март, апрель, май айында иштеген медицина кызматкерлеринин кошумча төлөмдөрү төлөнүп бүткөн. Жыл аягына чейин кошумча төлөмдөрдү төлөө үчүн каражаттар бюджетте каралган эмес. Учурда ал боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Божомол боюнча 700 млн сом кошумча каражат табыш керек. Ал каражаттар табылат жана убагында төлөнөт деп ойлойм. Ички иштер министрлигинин, Коргоо комитетинин, УКМКнын кызматкерлерине кошумча төлөмдөр боюнча маселе каралып жатат. Мыйзамда өзгөчө кырдаал (абал) учурунда иштеген кызматкерлерге кошумча төлөмдөр каралган. Тизмелер, эсептер такталып, өкмөттүн чечими чыккандан кийин биз каражаттар төлөнөт”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий