• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19: Медкызматкерлерди кыска курстардан окутуу, даярдоо иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө

COVID - 19 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. Медицина кызматкерлерин кыска курстардан окутуу, даярдоо иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндө өткөн брифингде премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунан февраль айынан 28-августка чейин республика боюнча 19 миң 584 адис квалификациясын жогорулатуу курсунан өттү.

"Экспресс жана ПЧР тестти изилдөө боюнча пре-аналитика боюнча 403 адис лаборант окуудан өткөрүлдү. Дагы окутуулар улантылууда. Жаңы салынып жаткан ооруканалар штаттык персонал менен камсыз болушуна даярдалып жатат", - деди Боронов.

Пикир

Оставить комментарий